Каржы министрлигинде Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн тренинг өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Окуу борборунда "Экономикалык саясаттын таасирин талдоону баалоо" деген темадагы тренинг өз ишин баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, тренингге Экономикалык кызматташтык уюмунун мүчөлөрү: Азербайжан, Ооганстан, Пакистан, Иран, Түркия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан келишкен өкүлдөр жана кыргыз жергесинин мамлекеттик мекемелеринин адистери катышууда.

"Иш-чаранын ачылышында конокторду кабыл алган тараптын, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова, каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору Алмаз Бакетаев сөз сүйлөп, мындай иш-чараны өткөрүүнүн мааниси зор экенин баса белгилешти",- деп айтылат маалыматта.

Каржы министрлигинин Окуу борбору Экономикалык кызматташтык уюму, Ислам өнүктүрүү банкы, Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигинин Экономикалык реформалар илимий-изилдөө институту жана "АЕЕСтин Окуу жана изилдөө борбору" менен биргеликте уюштурган бул тренингдин иши 2016-жылдын 26-февралында жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан