SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайт!

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз мамлекетинин жарандарын 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайт!

Бүгүн - мекендин бүтүндүгүн, коопсуздугун жана өлкө жарандарынын бейпилдигин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан азаматтарга урмат көрсөтүп, алардын эрдиктери менен жооптуу милдеттерин даңазалай турган күн. Мекенди коргоочулар - өлкөдөгү 6 миллион жарандын ишеничи, тиреги жана үмүтү. Мамлекет жетекчилигинин кыргыз армиясын бекемдөөгө олуттуу көңүл буруп жатышы мекен сакчыларынын демине дем, күчүнө күч кошот деген ишеничтебиз.

Мамлекеттин тынчтыгы үчүн кызмат өтөгөн бардык аскер кызматкерлерине, согуштун жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине ыраазычылык билдирип, баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, каалайбыз. Эгемендүүлүгүбүздү коргоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоодо салымын кошкон эр жүрөк инсандарыбыз аман болушсун. Майрамыңыздар менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
danik0101
2016-02-23 09:09:11
Мекенди коргоочулар баары, эмгек жамаатыныздарга рахмат айтышат.!
0
Lenin
2016-02-23 09:12:04
Рахмаааат
0
Kuba-savai87
2016-02-23 13:49:18
Рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан