Мамлекеттик салык кызматы салыктык тескеп-башкарууну модернизациялоо жана автоматташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, “Дордой” базарында ишкерлерге салыктык тейлөөлөрдүн бардык комплексин көрсөтүү боюнча экинчи Сервистик-тейлөө борборун ачты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, бул борбордун расмий ачылыш аземине МСКнын жетекчилиги, эл аралык уюмдун, базардын профсоюзунун өкүлдөрү, ошондой эле базардагы ишкерлер жана башка кызыкдар адамдар катышты.
2014-жылдын аягында “Дордой” базарында ишкерлерди тейлөө боюнча биринчи Сервистик борбор ачылган, анда болжол менен базарда иштеген 10-12 миңдей ишкер тейленген. Ошентсе да базардын башка тарабында иштеген ишкерлерге МСКнын жалгыз борборуна баруу кыйынчылыкты туудургандыктан, тейлөө борборун кеңейтүү жөнүндө маселе жаралган. “Ушуга байланыштуу базардын башка тарабына ишкерлерди тейлөө боюнча дагы бир борбор ачуу чечими чыккан”,- деди ачылыш аземинде МСКнын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов.
Салыкчылар – борбордун кызматкерлери салык төлөмдөрүн, отчётторду, эсептөөлөрдү жана декларцияларды кабыл алууну ишке ашырышат, ошондой эле ишкерлерди каттоого алууну, патенттерди берүүнү жана узартууну жүргүзүшөт. Мындан сырткары бул жерде Социалдык фонд сыяктуу жана башка мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлө турган кызматтар чогултулат. Бул жайда салыктардын зарыл болгон суммаларын төлөө үчүн банктын кассалары жана төлөм терминалдары жайгашкан.
Сервистик борборду ачуу ЮСАИД долбоорунун каржылык жана техникалык колдоосунун алкагында мүмкүн болду.