Улуттук китепканада Сауд Арабия таануу жана маданият борборунун салтанаттуу ачылышы өтөт

25-февралда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Сауд Арабия таануу жана маданият борборунун салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сауд Арабия таануу жана маданият борбору КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Сауд Арабия Падышачылыгынын кыргыз жергесиндеги элчилигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн натыйжасында элчиликтин 60 миң АКШ долларлык каржылык колдоосу менен ишке ашты.
"Бул борбордун ишинин негизги максаты – кыргыз жергесинин коомчулугу үчүн Сауд Арабиянын ар кыл чөйрөлөрдөгү маалыматтык ресурстарына жол ачуу, анын руханий мурастары, жетишкендиктери, бай илимий жана маданий потенциалы менен тааныштырууну жана араб тилин үйрөнүүгө жардамдашуу болуп саналат.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын расмий адамдары, Бишкекте аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр, маданияттын, илимдин жана билим берүүнүн ишмерлери, эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, жогорку окуу жайларынын студенттери жана кеңири коомчулук чакырылат",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан