Бүгүн, 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө жакынкы арада оор кырдаалдарда чыныгы эркектик мүнөзү менен айырмаланган жигиттердин окуялары менен бөлүшүүнү туура көрдүк.
2015-жылдын 5-майында Кара-Балта шаарындагы 5 окуучу көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин өрттөнүп жатканын көрүшкөн. Алар үйдүн ичинде улгайган адамдар бар экенин угушуп, өз өмүрлөрүн тобокелге салып үч адамды куткарып калышкан. Куткарылгандардын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болгон. 12-июнда премьер-министр Темир Сариев аларга ыраазычылык катын жана өз белегин тапшырган.
Памир Исмаев өз жанынын баасы менен 14 жаштагы кызды куткарган. 2015-жылы 17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде 14 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Тилекке каршы, кыз куткарылган соң ал өзү каза болгон. Темир Сариев Памир Исмаевдин балдарын өкмөт камкордукка аларын убадалаган.
21-октябрда күндүз 22 жаштагы Эрмекбай уулу Кутман агын сууга түшүп кеткен. Сууга чөгүп жаткан жаранды байкап калган Майрамбек уулу Ахмет, Асилбек уулу Каныбек, Тыныстан Алакчинов жана Султанбек уулу Бекболсун аттуу курсанттар аны куткарып, ИИМдин академиясындагы медициналык бөлүмгө алып келишкен.
Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрь күнү таңкы саат 4 чамасында Жаныбек Токбаев, жубайы жана уулу Максат менен «Манас» аэропортуна бара жатышкан. Жолдон Рухий-Мурас конушундагы бир үйдүн өрттөнүп жатканын көрүшүп, анда уктап жаткан жашоочуларды ойготуп, куткарууга жетишип калышкан. 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык учурунда каармандык көрсөткөн Жаныбек Токбаев жана уулу Максатты "Өрт учурундагы эрдиги үчүн" медалы менен сыйлаган.
Бул окуя 12-январда орун алган. Муз үстүндө 2 кичинекей кыз чана тээп жүрүшкөндө муз жарылып, алар сууга түшүп кетишкен. Кыздардын кыйкырыктарын уккан жергиликтүү тургундар Айбек Бактыбеков жана Талант Самарбеков куткарууга чуркап келишкен. Алар сууга кирип кыздарды жээкке чыгарып, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Тилекке каршы, улуусу биринчи жардам көрсөтүлгөнүнө карабай көз жумган.
Ушул жылдын 11-февралында Москванын метросунун "Красносельская" станциясында Юлия Валь аттуу аял талмасы кармап рельстерге кулап түшкөн. Аны полиция кызматкери куткарууга аракет кылып, башкалары жардам бербей жатканын көргөн 28 жаштагы Марат Исаев рельстерди көздөй түшкөн. Поезд жакындап калгандыктан, чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой, аялды өздөрү менен кошо рельстердин арасына жаткырып аман калышкан. Москва мэри бул эрдиги үчүн Марат Исаевди сыйлаган.
15-февраль күнү саат 09:30 чамасында өз жанын кыюу үчүн көпүрөдөн секирген кызды милиция кызматкери куткарып калган. Анда Тоң РИИБинин кызматкери Шапак Таалайбеков түнкү нөөмөттөн чыгып, унаасы менен келе жатып Төрт-Күл менен Бөкөнбаев айылдарынын ортосундагы көпүрөдө өспүрүм кыз жалгыз турганын көргөн. Кыз ага шектүү көрүнүп, унаасынан чыгып жанына жеткенче ал өзүн таштап жиберген, бирок милиционер аны кийиминен кармап калганга үлгүргөн.