"Төрт жоокер жана ротанын улугу тарабынан кур менен заңдап койгончо сабалган" делген 18 жаштагы жоокер Нурпайыз Дүйшөнбековду дарыгерлер "психикалык оорулуу" деп коюшту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун атасы Камчыбек Жумакадыров билдирди.
"Уулумдун сабалышы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 3 дарыгер уулумдун сабалышы боюнча жыйынтык чыгарышып, "психикалык оорулуу" деп айтышты. Эми жума күнү колума алып келип беришет экен. Сабалганы боюнча эч нерсе айтылбай, Оштун Аскер прокуратурасы эч нерсе таппай калды. Медициналык-санитардык бөлүмүнүн дарыгери "тескерисинче, уулуңуз төшөккө заара кылып койчу, оорулуу болгондуктан жетелеп, карап жүрчүбүз" деди. Бул аскер оорукана же курорт эмес да. Оорулуу болсо ушул убакытка чейин эмнеге кармап жүрүштү? Эмнеге уулум оорулуу болсо аскерге алып кетишти? Аскер комиссариатында ден соолугу текшерилип, аскердик милдетти өтөөгө жарамдуу болгон үчүн кеткен болчу да",- деди жоокердин атасы.
"Балам мага бүгүн ким сабаганын айтты. Алар төрт жоокер: Кулмырзаев, Исаев, Жороев, Абдыкадыров жана ротанын улугу Ильич Таштанов. Таштанов балама келип "Арыз жазба, жетим балдарды карап жатам. Мен кесилип кетсем, балдарымды ким карайт?" деп айтыптыр. Уулум мен баргандан кийин арыз жазды",- дейт Жумакадыров.