2008-жылы мурунку президент Курманбек Бакиев үчүн алынган учак аукциондо сатылды. Бул тууралуу "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коому расмий сайтында билдирди.
"Beechcraft SuperKingAir-350 учагын сатуу максаты менен 2015-жылдын 7-декабрында өткөн аукциондун жыйынтыгында "Aerovista FZE" ЖЧКсы жеңүүчү деп аталган. Учактын өндүрүшкө чыккан убагы: 2008-жыл, 27-декабрь. Аукцион 2015-жылы 7-декабрда саат 10:00 – 17:00гө чейин өткөн. "Эйр Кыргызстан" ААК менен "Aerovista FZE" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда сатып алуу келишими түзүлүп, 2016-жылдын 28-январында кол коюлган",- деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, бул учак 3 миллион 130 миң долларга сатылып, ордуна башка учак алынат. 2008-жылы чыккан В300 моделиндеги Beechcraft SuperKingAir-350 учагы 2008-жылы аукциондо 6,3 миллион долларга ошол убактагы президент Курманбек Бакиев үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан сатылып алынып, 2010-жылдагы Апрель окуяларынан улам улутташтырылган.