Бишкекте 2-3-мартта “Кан донорлорунун күнү” аттуу акция өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чара аталган билим берүү мекемесинде өткөрүлөт. Анын максаты студенттер менен мугалимдерди бекер кан тапшырууга үндөө болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарына ылайык, миң адамга 40 кан донору туура келиши керек. Кыргыз жергесинде бул көрсөткүч 1000 жаранга 6 кан тапшыруучу туура келет.