Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик тилден сынак тапшырышты

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугун арттыруу максатында уюштурган 72 сааттык окуу курсун жыйынтыктоо үчүн сынак тест алды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган окуу курсунун катышуучулары “Кыргыз тест” системинин талаптарына ылайык түзүлгөн программа менен КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчысынын типтүү кызматтык нускамасы, КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жана кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин негизинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде тариздөө, мамлекеттик тилге которуу, кызматтык милдеттерин жана укуктарын оозеки айтып берүү өңдөнгөн кызматтык ишмердикке байланышкан бир топ пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Ошондой эле катышуучулар БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгынын колдоосундагы “Көп түрдүүлүктөгү биримдик” аттуу долбоордун алкагында акысыз методикалык окуу каражаттары менен камсыздалып, акысыз окуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

24-февралда аталган окуу курсуна катышып, В2 деңгээлинде сабак алган Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери окуунун жыйынтыгы катары 100 суроодон турган тест тапшырышты. Эгер бардык сурооонун ичинен 67 суроосуна, башкача айтканда, 30 пайызына жооп бере алса, окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу тастыктамага ээ болушат.

Ушундай эле 72 сааттык окуу курсунан өткөн ӨКМнын жана Каржы полициясынын кызматкерлери дагы сынак тест тапшырышып, жыйынтыгын күтүү учурунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ishikylsa
2016-02-25 10:35:27
Жакшы кабар, мамлекеттик кызматкерлер тилибизди билиш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан