Белгилүү акын Жусуп Турусбековдун чөбөрөсү Исмаил үйүнөн мыйзамсыз ажырап калганын 1-мартта айтып чыкты.
Белгилүү болгондой, акындын жалгыз баласы Күлчоро Турусбеков дунган улутундагы Шохуар Исхаковага үйлөнгөн. Бирок балалуу боло алышпай Исмаилди багып алышкан. Күндөрдүн биринде Күлчоро үйүнөн чыгып кетип, кайрылып келген эмес. Үйүндөгү апасы менен кичинекей Исмаилди аялы багып калган. Акындын жубайы, үйүнөн чыгып кеткен Күлчоронун апасы Гүлсүн көзү тирүү кезинде Бишкектеги өздөрү жашап жаткан үйүн келинине мураска калтырган. Ал эми келини көзү өтөрдө Исмаил кичинекей болгондуктан, үйдү өзүнүн бир тууганы Рамза Исхаковго убактылуу каттатып берген жана уулу бойго жеткенде Рамза үйдү Исмаилге кайтарып берерин туугандарына керээз катары калтырган. Бирок бир тууганы каза болору менен Рамза Исмаилди үйдөн кууп чыкканы айтылды.
“Чоң энем (ред. баккан энеси Шохуар) каза болгондон кийин Рамза Исхаков үйдүн ачкычын алмаштырып, төрт бөлмөлүү үйдү сатып жиберип, мени көчөгө кууп чыккан”,- деди Исмаил.
“Рамза үйдү сатып, анын акчасына унаа жана башка үйлөрдү сатып алган. Жусуп Турусбековдун үйү мамлекет тарабынан кайтарылып, аны музей катары калтырыш керек эле. Болбосо коомчулуктун жардамы менен үйдү акындын чөбөрөсүнө кайтарып берсек, анткени азыркы күндө Жусуп Турусбековдун жалгыз кызынын баласы көчөдө калды”,- деди Турсунбек Акун.
Маалыматка таянсак, Исмаил - Күлчоро Турусбековдун мурунку аялынан кызы Жаңыл Турусбекованын уулу.