Кыргыз жергесинде 70 миң адам кедейчиликте турмуш көрүп келет. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдиргенин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, 3 жыл ичинде 400 миң жаран кедей жашоодон кутулган.
“Жашы 18ге чыга элек 33 миң бала мындан ары аз камсыз болгондор үчүн берилчү жөлөк пулду албайт. Салыштыруу иретинде кыргыз жергеси эгемендүүлүктү жаңы алган кезде мамлекет миллион балага жөлөк пул төлөп берчү, учурда бул көрсөткүч 300 миңге чейин кыскарды. Ошондой эле акыркы 5 жылда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берүлчү жөлөк пулдун суммасы 2 эсе көбөйгөн. Буга Европа биримдигинин программалары жардамын тийгизди”,- делет маалыматта.