Февраль айынын ортосунда Орусиянын Москва шаарында эки кыргыз кызын "башка улуттун жигиттери менен кафеде жүрөсүңөр" деп кармап, суракка алган үч жигит колго түшүп, Москва полициясына өткөрүлүп берилген. Ал үч жигит тең Ош облусунун тургундары экенин ИИМдин маалымат кызматы таратты. Ал үч жигиттин бири көчө шыпырып, экөөсү жүк ташып иштеп жүрүшкөн.
-1989-жылы туулган З.Т. уулу, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну. Москва шаарында көчө шыпырып иштейт;
-1995-жылы туулган А.А. уулу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну. Убактылуу каттоого туруп, Москва шаарында жүк ташуучу болуп иштейт;
-1996-жылы туулган М.А. уулу, Ош облусунун Алай районунун тургуну. Москва шаарында жүк ташуучу болуп иштейт.
Эскерте кетсек, "патриотпуз" дегендер суракка алган кыздардын бири полицияга окуя тууралуу айтып берген. ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү тараткан видеодо кыздардын бири балдар аларды суракка алгандан кийин мейманканага бирге барууну сунушташканы жана ага кошумча 50 миң рубль сурашканы айтылат. Окуя быйыл 14-февралда "Марьино" метросундагы "Ариана" кафесинде болгон.