Жыл башынан бери бюджеттер аралык трансферттер 303 миллион сом суммасында каржыланды

Жыл башынан бери бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттин чыгашасы 303,1 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, көрсөтүлгөн мезгилде теңдештирүүчү гранттар 260,5 миллион сом көлөмүндө каржыланса, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар 42,6 миллион сомду түздү.

Эске сала кетсек, 2016-жылга теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 609 миллион 300 миң сом суммасында бекитилген.

“Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан