Премьер-министр Темир Сариев Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун кеңейтүүдө Рапопорт аллеясын кыйбай, башка жолдорду карап көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Сариев буга чейин бир нече жолу бак-дарактарды сактап калуу керектигин айтып келген. Учурда бул маселенин чечүү жолдорун эксперттик комиссия издөөдө.
Айта кетсек, буга чейин Транспорт жана коммуникация министрлиги аталган аллеяда 178 кыйыла турган бактардын ордуна жаш көчөттөр отургузуларын билдирген. Бул нерсе экологдор менен жарандык активисттердин нааразылыгына алып келген.
Белгилей кетсек, Рапопорт аллеясы Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Рапопорттун атынан коюлган. Андагы бактар 1934-жылы тигилген.