Бүгүндөн баштап Москвада ыктыярчы кыргыз балдар жумуштан кеч чыккан кыргыз кыздарын үйлөрүнө жеткирип турушат

Бүгүндөн баштап Москвада түзүлгөн "Кеменгер" уюмунун ыктыярчы кыргыз балдары жумуштан кеч чыккан кыргыз кыздарын үйлөрүнө жеткирип турушат. Бул тууралуу айтылган идеянын демилгечиси Адилет Чилдебаев SUPER.KG порталына бүгүн, 2-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, бул уюмду түзүүгө кыргыз кыздарын кордогон "патриоттордун" жоруктары түрткү болгон.

"Биздин уюм расмий түрдө катталган жок. Мүмкүнчүлүк болушунча жигиттерди ойготуп, кыз-келиндерди, эжелерибизди, карындаштарыбызды коргойлу деген максатта уюмду түздүк. "Жаңы муун" уюму менен чогуу бул ойду ишке ашыруу аракетин көрүп жатабыз. Буюрса, бүгүндөн баштап жигиттерибиз бизге кабар бергендерди тосуп алып, үйлөрүнө жеткирип турушат",- дейт Чилдебаев.

Ал эми уюмга келген ыктыярчылар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Адамзаттын акыл-эси жаратылышынан негативдүү ойлорго жакын, ишенимдүү эмес, бирок мен чын дилимден ыктыярчылар жакшы ойлордон тайбагандар деп ишенем. Алардын да энелери, карындаштары, эжелери, аялдары, дос кыздары бар".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
a.m.akmoldoev
2016-03-02 23:27:26
жакшы
+1
nur_zhoni
2016-03-03 01:01:10
Бул идея жакшы экен мага жакты. Патриоторду коп кунолой бербегиле аларда жондон жон эле ур тепкиге алган эместир мурда жакшы соз менен айтып коргондур
+3
Zalkarbek.Kg
2016-03-03 01:08:12
Аллах ырразы болсун ото жакшы идея. Бирок аары балдар (шустряктар) кобоюп анан гулдон гулго конушуп КЕМЕНГЕР брачное агенство болуп кетпесе эле болгону
+5
Altynai2007kg
2016-03-03 01:14:44
Москва жергесинде озбек улутундагы бала багуучунун ишинен кийин аябай чоон рейд журуп Москва дурболон болуп жатат.Славяндар ошол олгон наристенин очун алабыз азияттардан деп кечее куну 2 озбек улутундагы балдарды бычактап кетишиптир.кыргыз балдардын бул иши мактоого арзыйт туура кыласынар.Эмне болуп кетет экенбиз деп журок тушуп ишке барып келмей.
+4
BekAmir
2016-03-03 01:51:06
Улутчулдардан коргойт деп ойлопмун. Анда тажик бала менен гостиницага кир п чыккыча коргоп тургула
-7
barpynynkyzy
2016-03-03 01:53:57
Чоон рахмат жигиттер! Ар дайым бар болгула, силердей коргоочуларывыз бар экенине ыраазыбыз.
+2
muradil22
2016-03-03 02:18:08
Москвада озбек аял бир орус кыздын башын кесип метронун алдында журду.ошого азыр ото кыйын болуп калды москвада рейт ото кучту болуп жатат.жана орус балдар оч алабыз деп журушот.
0
Mercedes.Benz7777
2016-03-03 04:33:02
Бул демилгеге ишенбегиле урматтуу москвада иштеп жургон карындаштар жана эжелер силерге мен айтып берейин бул ишти баштаган балдар ошол эле кордоп жургон балдар!!! Эми ушу балдарды изилдоо башталдыле дароо ушул демилгени баштап чыгышты баарын баштаган ушулар видеолор бар менде доказат эткени
-2
Seyitira8186
2016-03-03 08:22:24
Mercedes.Benz7777,ииий сен кайдан билесин
0
Mercedes.Benz7777
2016-03-03 04:40:49
Ушу идеяны баштаган убагыда кордогон балдар шашпагыла аз калды колума тушосунор мен баарын пландаштырып койдум кыздарды тынч койгула жинди болуп жатасынар козунорду ачкыла эми !!!! Эркекче суйлошом силер менен
-2
leonar
2016-03-03 05:18:59
Молодцы!
0
bagira77
2016-03-03 05:46:18
Жакшы идея
0
travma
2016-03-03 10:32:35
Бул идеяны ишке ашыруу учун ошол жеткизген балдарга маяна же болбосо жол акысын толоп бериш керек.Себеби уйдон жумушу жок жаткан балдар коп.(болбосо ишке ашбайт бул идея)
0
Arslan12
2016-03-03 12:13:26
travma,туура, бирок ким толоп берет балдарга кыздар толоп бере алышпайт алган маянасы 20-25миндин тегереги болсо, авиамоторныйдан рязанский проспектке чейин ала кетмекмин саат 18-00до чыкса
+1
Komrad
2016-03-03 13:07:53
Жакшы идея экен. Ыктыярчылардын жетекчилигинин номерине аман эсен келип алдым деп кыздар чалса болот да.
0
Arslan12
2016-03-03 14:47:17
Ыктыярчылардын 8мартка карата болгон белегиби же жумуштан чыгып алып кыздарды уйуно жеткиреби, суперге жазып тургула канча кыз уйуно жекенин ыктыярчылар аркылуу, окуп алып конулубуз ток отуралы
0
KursKG
2016-03-05 10:15:07
Бул уюум Москванын каеринде?Дареги кандай же тел.номерин кандай тапсак болот ушул уюмдун, мен да оз ыктыярым менен кошулам Москвада таксист болуп иштейм, урматтуу админ билип берсениздер. Ватсап 9261361694. Кыргызым кыздары учун дайым даярмын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан