Кыргыз өлкөсү электрондук паспортторду жана ID-карталарды жасоодо Түштүк Корея менен кызматташат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Меморандумга Сеул шаарында Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Тайырбек Сарпашев жана KOMSCO мамлекеттик корпорациясынын вице-президенти Ким Женгсонг кол коюшту. Иш сапарында Тайырбек Сарпашев электрондук паспортторду жана ID-карталарды жасоо процесси менен таанышты.
"Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин экинчи планын аткаруу алкагында бул жылдын экинчи бөлүгүнөн баштап биометрикалык паспортторду берүү пландалууда. Электрондук ID-карта 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоодо жарандарды идентификациялоо үчүн пайдаланылат. Андан сырткары учурда Каттоо кызматынын жумушчулары биометрикалык паспортторду универсалдаштыруу аракеттерин жүргүзүшүүдө. Акыры биометрикалык паспорттор көп функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот",- деди Сарпашев.
Өз кезегинде Ким Женгсонг маалыматтар технологиялар тармагында тажрыйба менен бөлүшүүгө жана МКК менен кызматташууга даяр экенин айтты.