Мамлекеттик кызматкерлер 5-март - ишемби күнү эмгектенип, 7-март - дүйшөмбүдө эс алышат. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аптасына 5 күн иштеп, 2 күн эс алган уюм-мекемелердин кызматкерлери үчүн 7-март - дүйшөмбү (иш күнү) 5-март - ишемби күнүнө алмаштырылды. Андыктан кыргыз жеринде 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата 6-март (жекшемби), 7-8-март күндөрү иш күнү болбойт.