Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кара-Шоро айылына уюлдук байланыш абоненттердин аздыгына байланыштуу коюлбай келген. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Азиз Эгембердиев билдирди. Анын айтымында, Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу 10 айыл бар, алардын бири - Кара-Шоро.
“Биздин айыл өкмөткө караган айылдардын ичинен жалгыз Кара-Шородо уюлдук байланыш коюлган эмес. Ал жерде учурда болгону 30га жакын түтүн бар. Буга чейин биз көптөгөн уюлдук операторлорго бул маселе боюнча кайрылып келгенбиз. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп, операторлордун биринин өкүлдөрү Кара-Шорого келип, абалды көрүп кетишти. Жакынкы аралыкта байланыш пайда болушу мүмкүн”,- деди Эгембердиев.
Эскерте кетсек, 22-февралда “Кара-Шоро айылынын жашоочулары уюлдук телефон менен сүйлөшүү үчүн 2,5 саат жол жүрүшөт”,- деп окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлаган эле.