Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнүнө карата Кыргыз Республикасындагы аңчылык иштери боюнча адистерди сыйлоо аземи быйыл биринчи жолу өткөрүлдү. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти аңчылык иштери боюнча адистердин ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, аталган кызматкерлердин орточо айлык акысы 6000 сомду түзөт. Ошондой эле алардын көбү бул кызматка өз ыктыяры менен келишет. "Мыйзамсыз аңчылык кылгандарды кармап күч органдарына өткөрүп берген кызматкерге атылган баалуу жандык үчүн төлөнгөн айып пулдун 30 пайызы берилет" деген мыйзам кабыл алынгандан бери бети ачылган фактылардын саны көбөйгөн.
Сыйлоо аземинде 2015-жылы кыргыз өлкөсүнүн токойлорунун жана коруктарынын аймактарында кармалган браконьерлер үчүн жана мыйзамсыз куралдарды алып өткөрүп берген кызматкерлерге 5000 сомдон 15 000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
"Мамлекет тарабынан ушундай көңүл бурулуп жатканына кубанычтабыз. Биз өмүрүбүздү тобокелге салып, браконьерлер менен күрөшөбүз",- дешти.