Бишкекте өзгөчө ыкма менен жасалган желек аукциондо 75 миң сомго сатылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 3-мартта кыргыз жеринде КРнын Мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу Бишкекте иш-чаралар өтүп жатат. Алардын катарында өзгөчө чеберчилик менен жасалган мамлекеттик желек аукционго коюлду. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн аукционго коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, жеке ишкерлер чакырылышкан.

Өзгөчө ыкма менен жасалган эмгек Айгерим Жумалиева, Айжамал Шамыратова жана Заман Турсунбеков сыяктуу студенттерге таандык. Алар мамлекеттик желектин формасы түшүрүлгөн тактайга 13,5 миң мык кагып, кызыл жана сары түстөгү жиптерди мыктардын баштарына чырмап чыгышкан. Сарпталган жиптердин узундугу болжол менен 20 чакырымды түзөт. Аукциондо бул туунун башталыш баасы 1000 (миң) доллар деп коюлган. Чакырылгандардан 2-3 гана киши келди. Желекти сатып алууга меценат Аскар Салымбековдон башка талапкер болгон жок. А.Салымбеков желекти баштапкы баасы - 75 миң сомго сатып алды. Ал өз сөзүндө жаштар жакшы иш кылганын, коомчулук муну колдоого алуусу керек экенин белгиледи. "Биз бул желекти Улуттук университетке белек катары берели деген ойдобуз. Быйыл Тарых жана маданият жылына карата окуу жайга белек болсун",- деди ал.

Иш-чарага желектин 6 авторунун экөө - Эдил Айдарбеков жана Жусуп Матаев келди.

Эмгектин ээлери кабарлагандай, бул каражат Токмоктогу балдар үйлөрүнүн бирин оңдоп-түзөө иштерине жумшалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
a.m.akmoldoev
2016-03-03 13:58:58
Желекти жасагандарга рахмат мындан аары да ийгилик.
+9
Kroxa
2016-03-03 14:00:11
Аскар салымбеков эмгектерин баалаган экен алигарх балдар уйуно жардам да берди эле
+14
timoha81
2016-03-03 14:39:58
Салымбеков Аскар агабызга рахмат.балдардын эмгегин баалап сатып алганы.ишинизге чон чон ийгилик каалайм.сиздей адамдар коп болсун Кыргызстанда.
+12
Mars55
2016-03-03 15:15:14
Адамдын эмгегин баалаган агабызга рахмат.
+10
Stervamyn
2016-03-03 15:26:15
Соонун жасалыптыр,Азаматтар
+5
nurik2103
2016-03-03 16:03:23
ит бекер кетиптир!!!
-5
Mars55
2016-03-03 17:27:08
nurik2103,канчага алайын дедиң эле?
+1
karona12
2016-03-03 17:15:02
Аскар Салымбеков чоон рахмат,жаштарга конул бурганынызга.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан