Бишкекте 35 жаштагы айым үч эм төрөдү

Бишкектеги №4-төрөт үйүндө 29-февралда 35 жаштагы Айзада Османалиева үч эм төрөдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 3-мартта 2-акушердик бөлүмдүн жетекчиси Чынара Бектурсунова билдирди. Анын айтымында, төрөлгөн үч эмдин баары кыздар.

Осмоналиева 3 кызды операция жолу менен төрөдү. Учурда эне жана ымыркайлар төрөт үйүндө. Наристелердин абалы туруктуу, алар жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Ал эми апасы операциядан кийин калыбына келип жатат. Биринчи төрөлгөн кыздын салмагы 2 килограмм 570 грамм, бою 46 сантиметр, экинчисиники 2 килограмм 60 грамм, бою 42 сантиметр, үчүнчүсүнүкү 2 килограмм 425 грамм, бою 45 сантиметр.

Айзада айымдын булардан башка 4 уулу бар”,- деди дарыгер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Munar8625
2016-03-03 13:49:21
Омуру акыл еси денсоолугун берсин жараткан. Акыркы кезде коп торолуп жатат 3ем. Кудай сактасын эскилер айткандары есиме келе тушту Акыр заманда адамдар иттей тууйт дегени.
-12
nazira1989
2016-03-03 19:36:28
Munar8625,ой тообаааа ушул жерде да жаман оюнду кошуп отупсун го...Омурлорун берсин Аллахым,ар бирибизди жаратуучу да,кайрадан озуно алуучу да Аллах Таалам.Ымыркайлардын дени сак,бактылуу,ата-энесине куйумдуу болуп чоноюшсун...
+2
OMURBEK.
2016-03-03 13:54:55
Ен жакшы го омуру узун болсун менин да кыйалым коп балалалу болууну енсеп келем азыр 4-5 бала торогондор аз ал емес торобой туруп еле бирди торосом болду кылам деген болочоктогу енелерибиз кобойду
+3
Kroxa
2016-03-03 14:17:17
4уулу бар экен анан уч кыз жакшы болуптур Аман-эсен болушсун!!!
+3
MuslimNur95
2016-03-03 14:19:14
Омурлору узун болсун ислам динине кызмат кылган балдар болсун.
+3
civic93
2016-03-03 14:29:08
Омуру менен берген болсун Аллахым
+2
lolo.1
2016-03-03 14:57:54
Бугунку кундун жакшы жанылыгы болуптур. Омурлору узун узун акыл эстуу ырыс кешиктуу кыздардан болсун.азаматсыз Айзада эже )))
+3
secretik
2016-03-03 15:09:41
Мына жанылык гооо соонун омуру ырыскысы менен берген болсун кудайым
+2
akzuura
2016-03-03 15:20:20
Кут болсун өмүрлүү болушсун!!!бизгеда жуксун)
+1
adimyrza
2016-03-03 15:27:48
эх кандай сонун 4 уулдан кийин 3кыз омурлорун берсин жарараткан бактылуу болушсун
+1
Inna_91
2016-03-03 16:40:41
Кудай бериптирго омуру узун болсун
+1
kobra86
2016-03-03 16:54:30
Ма Ша Алла омуру менен берсин Аллахым!
+1
aikol87
2016-03-03 22:56:43
Мынча жакшы менинда 2кызым бар, 2уул торосом соонун болмок.
0
KursKG
2016-03-04 04:39:52
Куттуктайбыз! Омурлору менен болсун.
0
Asanovna1805
2016-03-04 11:49:53
Бешик боосу бек болуп, ден-соолуктары чын болсун
0
tabyshmak
2016-03-04 17:21:06
Бактылуу наристелер энесин да бактылуу кылышат. Мотурайган кипкичинекей колдорун кыбыратып жаткандарын элестетуу эле озунчо бир жагымдуу сезим. Ден-соолугу бекем болушуп, аман-эсен чоноюшсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан