Бүгүн, 3-мартта - КРнын Мамлекеттик туу күнүнө карата Бишкекте өзгөчө чеберчилик менен жасалган мамлекеттик желек аукционго коюлду. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн аукционго 120 депутат, коомдук ишмерлер, жеке ишкерлер чакырылышкан. Тилекке каршы, желек сатып алууга келгендердин саны 2-3тү гана түздү.
Бул көрүнүштөн улам желек жасаган жаштар жана аукциондун уюштуруучуларынан алардын эмнелерди күтүп жатканын, ойлорун билдик. "Чакыруу көп адамга жеткирилген, бирок Желек күнү жалпы мекендештерибизге тиешелүү болгон соң көңүл буруп, аукционго катышпаса да күбө болуп кетишсе жакшы болмок",- дейт уюштуруучу Алмаз Кулматов.
Ал эми эмгекти жаратуучулардын бири Айгерим Жумалиева буларга токтолду: "Менин оюмча, максатыбызга кичине болсо да жеттик. Биз бул эмгекти жасаган соң социалдык тармактарда желек тууралуу көбүрөөк сөз козголуп жатат. Биз элдин көңүлүн бура алдык деп айта алам. Аукционго чакырылгандардын келбей калганы өкүнүчтүү болду. Чындыгында, үмүт кылып, колдоого алышат деп ойлогонбуз" .