Бишкекте 8-Мартка карата балдардын колунан жаралган “Эң сүйүктүүм” аттуу сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 3-мартта Бишкектеги "Балажан" борборунда 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата балдардын колунан жаралган “Эң сүйүктүүм” аттуу сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага жашы 3төн 15ке чейинки жаш сүрөтчүлөрдүн 100дөн ашык эмгектери коюлган. Сүрөттөр граттаж, акварель, атайын бор, гуашь менен тартылды. Көргөзмөгө коюлган эмгектердин арасында көптөгөн сынактардын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү илинген.

Ачылыш аземи оюн-зооктор менен коштолуп, куттуктоо сөздөрү жаңырды. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кытайда өткөн “Илим, дүйнө жана достук” аттуу 4-Эл аралык искусство жумалыгынын жеңүүчүлөрү сертификаттар менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AlbertEnshtein
2016-03-03 20:22:20
Эн сонун. Кээ бирлерин сатып алууга даярмын
0
AlbertEnshtein
2016-03-03 20:23:56
4-сойкочон кыздын портрети менен очкарик гул кармаган кыздын портретин автору ким?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан