Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргелешип Бишкек шаарынан күмөндүү акциздик маркалар чапталган
21 597 бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Контрафакттык алкоголдук продукцияны табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаранын жүрүшүндө “Кристалл” кыргыз арак заводу” ЖЧКсынын заводунун аймагынан чыгып бараткан автоунаа токтотулган. Айдоочу автоунаасындагы жүктү ачуудан баш тарткандыктан, унаа убактылуу атайын токтотуучу жайга жеткирилген. Кийинчерээк ЭККМКнын тергөөчүсү менен бирге унаанын жүк жүктөлгөн бөлүгүн ачууда күмөндүү акциздик маркалар чапталган, ар кандай аталыштагы 21 597 бөтөлкө алкоголдук продукция табылган.
Акциздик маркалардын жана бөтөлкөдөгү ичимдиктин курамын аныктоо үчүн соттук-техникалык экспертиза дайындалды. Бул иш боюнча материалдар андан ары чара көрүү максатында тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгени маалым болду.