Бүгүн, 3-мартта Баткен облусунун А.Жайнаков атындагы драма театрында 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага жалпысынан облус аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өкүлдөрүнөн турган 150 айым катышты.
Майрамдык иш-чараны өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков ачып берип, куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө аялдар бүгүнкү күндө коомдук турмуштун эң оор социалдык тарабындагы билим берүү, таалим тарбия жана ден соолукту сактоо тармагында иштеп, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өздөрүнүн чоң салымын кошуп келе жатышканын белгиледи. Ошондой эле Баткенде учурда 5145 Баатыр эне жана 1060 Эне даңкы медалы менен сыйланган апалар бар экенин айтып өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Разаков 8-Март майрамына карата облустун билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик кызмат тармактарындагы адистерге грамота, алкыш баракчаларын жана акчалай сыйлык тапшырды. Мындан сырткары кеченин катышуучуларына концерттик программа жана сый тамак уюштурулду.