Москвадагы мусулмандар руханий башкармалыгы кечээ, 3-мартта бала багуучу тарабынан өлтүрүлгөн кыздын үй-бүлөсүнө жардам берүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы жазып чыкты.
"Жума намазга миңдеп келген москвалык мусулмандар тарабынан чогултулган каражат кыздын туугандарына берилет",- деп билдирген Москвадагы муфтияттын басма сөз кызматы.
"Кылмышка шектүү психикалык жактан оорулуу деп табылганы менен, Кудайга ишенгендер үчүн адам жашоосу ыйык жана кол тийгис. Алсыз кичинекей баланын жашоосуна кол салуу динден алыс адамдан кабар берет",- деп айтылат маалыматта.