Мектеп окуучулары жазгы каникулда 17-марттан 23-мартка чейинки аралыкта эс алышат. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жазгы каникулга 6 гана күн мөөнөт берилгени кышкы каникулга байланыштуу. Себеби окуучулар кыш мезгилинде 1 айга жакын эс алууда болушкан.