Өлкөдө мектептердин 9 пайызы гана интернет менен камсыздалган

Өлкөдө мектептердин 9 пайызы гана интернет менен камсыздалган. Бул тууралуу бүгүн, 10-март күнү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Анын айтымында, бул жагдай билим берүү мекемелеринин бийик тоолуу райондордо жайгашканына байланыштуу болууда.

"Мындан улам биз интернет провайдерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп, 1000 мектепке интернет киргизүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле учурда мектептердин 25 пайызында гана компьютерлер бар. Бул 12 балага 1 компьютер туура келет дегенди билдирет. Былтыр мамлекеттик бюджеттин эсебинен бул маселени чечүү үчүн 500 компьютер бергенбиз, быйыл дагы демөөрчүлөр менен сүйлөшүп ушунча компьютер менен жабдыйбыз деп турабыз",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан