"Тазалык" ишканасы бүгүн, 10-марттан тарта жарыяланган 3 айлыктын алкагында шаардын көчөлөрүнө суу чачып, аялдамаларды иретке келтиришет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-мартта аткарылган иштерге 10 суу чачкан унаа тартылды. Андан тышкары аялдамалардагы таштанды челектери бошотулат, жол четиндеги арыктардын ичтериндеги таштандылар алынат.
10-марттагы көрсөткүчкө токтолсок, жалпысынан Октябрь районунда 94 көчө шыпыруучу жумушка чыгып, 8 атайын унаа тартылды. Биринчи Май районунда болсо 157 көчө шыпыруучу иштеп, 11 атайын техника колдонулду. Свердлов районунда көчө шыпыргандардын саны 122ни, атайын техникалардын саны 10ду, Ленин районунда көчө шыпыруучулардын саны 120ны, атайын техникалардын саны 10ду түздү.