Түрк-Сирия чек арасындагы аткылоодон улам орусиялык Су-24 учагынын жарылышы жана учкуч Олег Пешковдун өлүмү үчүн түрк акыны Хусейн Хайдар ыр түрүндө Орусия элинен кечирим сурады. Бул тууралуу ТАСС басылмасы бүгүн, 10-мартта жазып чыкты.
Ыр "Улуу орус элинен кечирим суроо" деп аталып, "биздин көз алдыбызда бир туугандык байланыштар үзүлдү" деген саптар менен коштолот. Акын Орусиядагы ага жакын көркөм образдарды санап келип, акын Владимир Маяковский, жазуучу Максим Горький, биринчи космонавт Юрий Гагарин жана фашизмди жеңген баатырлардан кечирим сураган. "Каза болгон учкуч Олег Пешковдун энесинен тизе бүгүп, кечирим сурайм" деген саптар менен ырын жыйынтыктайт.
Хусейн Хайдар 1956-жылы туулган. Белгилүү түрк акыны бир нече улуттук сыйлыктардын лауреаты. Анын ырлары бир нече тилге которулган.
Эске салсак, былтыр 24-ноябрда Түркия менен Сирия чектешкен аймактан орусиялык аскердик учак атылып түшүрүлгөн. Түркиялык маалымат булактары учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын билдиришкен эле. Орусия андай болбогонун айтып, ошондон бери эки өлкөнүн мамилеси жакшы эмес.