Кыргыз жергесинде мектеп мугалимдеринин орточо курагы 45-60 жашты түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта маалымат жыйынында билим берүү министри Эльвира Сариева билдирди. Анын айтымында, 1-январга карата мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги 2 эсеге кыскарды.
“Учурда 900 мектеп мугалими керек десек болот. Көбүнчө математика, информатика жана англис тили боюнча педагогдор жетишсиз. Бирок ошол эле учурда мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү, алардын категориясына жараша айлыгына акча кошуу сыяктуу жаңычылыктар бизге жаңы кадрлардын келишине шарт түздү. Бизде буга чейин мугалимдер кыш келгенде жумуштан көп кетишчү, быйыл бул тенденция өтө ылдыйлады. Мындан тышкары гранттын жана мамлекеттик буюртманын эсебинен жогорку жана орто окуу жайды бүтүргөн студенттер кесиби боюнча 3 жыл иштөөгө жиберилет”,- деди Сариева.