"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Оштогу гаражда жашаган 90 жаштагы карыя электр энергиясын бекер кылып, көмүр түшүрүп берүүнү талап кылууда

Ушул жылдын 6-мартында "Элдик кабар" рубрикасына гаражда жашаган 90 жаштагы апа тууралуу маалымат чыккан.

Зейнеп Абдыкарова балдары менен 15 жыл мурун Тажикстандан көчүп келип, кайрылман макамына ээ болуп, андан соң Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышканы маалым болду. Ошондой эле балдарына өкмөт тарабынан Кара-Суу жана Алай райондорунан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Азырынча иликтөөлөр дагы да уланып жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү Гүлзина Раева SUPER.KG порталына билдирди.

"Зейнеп Абдыкаровага катталган жери боюнча тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп келген. Анын уулу 1970-жылкы Эшпай Турдукулов өз энесинен кабар алып, жардам берип келген. Ал Кара-Суу районунда үй-бүлөсү менен өзүнүн үйүндө турат. Баласы энесин бага ала турган мүмкүнчүлүгү бар болгону менен, энеси баласы менен жашоого каршы экенин билдирген",- дейт Раева.

Гүлзина Раеванын айтымында, Зейнеп Абдыкарова жашаган жай суук, караңгы, эч кандай шарты жок, санитардык талаптарга жооп бербейт.

"Биз "балдарыңызга барыңыз, бул жакта сизге жашаган болбойт" десек, "анда силер мага электр энергиясын бекер кылып, көмүр түшүрүп, жардам бергиле" деп айтты. Биз өзүбүздүн аймакта катталган жарандарга гана материалдык жардам бере алабыз. Зейнеп Абдыкарова Кара-Суу районунда катталган",- деди Гүлзина Раева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Ainurhi
2016-03-10 15:44:12
Бизде аракет жок.Башынан аягына чейин мамлекеттен бекер эле ала калсак деп турабыз. Аягыбыз государство толоп берет деди.Анан президент куноолу деп калабыз.Президентти эл озубуз шайлап алып, президенттик жок дегенде статусун сыйлабайбыз.
-1
Urmat_83
2016-03-10 15:48:08
Баласы бакпайбы бала чакасы бар неме экенго.Ар биринин эле светин бекер кыла берсе кандай болот.Караган эч кимиси жок болсо бир жон
0
Kroxa
2016-03-10 15:51:01
Таджикистандан келген дейт го кыргызтандын карыларына свет бекер эмес комур бербейт баласы бар болсо атайын кылышканго уй-жай бере калсын деп
+7
89elnura89
2016-03-10 15:58:31
Значит баласы мн келини жаман адамдар
+3
Bagysh
2016-03-10 16:13:10
Уят туугандар токсон жаш менимче оной жаш эмес.Бираз болсода аткаминер эргулдар конул буруп койушса болмок.Ал эми балдары менен жашабаганынын себеби болсо керек туугандар.Бала жакшы болсо кайсы эне оз баласынан безийт.
+2
bond0202
2016-03-10 16:35:25
ата энени кандай сыйласан уулундан да ошондой сый коросун дегенди эч унутбагыла
+5
Rasul_Rahmanaliev
2016-03-10 19:17:51
Кайсы сайтка баш бакпа ушул кабар.супер инфо жазгандан кийин тарады го.((( Соц кызматкерлер бизде иш алып барбаганынын себеби жана жыйынтыгы.Энеге омур тилейбиз.
+2
samira8589
2016-03-10 20:34:18
Келиндин козун карап турткунчук болгончо кенири жашайын дейт экен да чон эне
+1
gulkar
2016-03-10 22:06:41
Эми комур,свет бекер берилсе эч нерсе деле болбойт.Бул апанын деле осоору калбай-олоору калыптыр.Кандай болгон кундо да карылыка жетиптир.
Комур,светтин акчасын чиновниктер обед деле кылып коюшат го.
+2
nuri.kg777
2016-03-11 00:38:43
Байкушум ай Кыргызстанда болгонубузда уйубузго алып келип багат элекко.
0
Meer
2016-03-11 14:46:40
Бул чон энеда кантип эле уулунун торундо келининин колунан ыссык чайын ичип тордо неберелери менен отургусу келбесин деймда. Уул-келини начар учун уйдон чыгып кеткен болсо керек. Андан коро карылар уйуно барганы жакшыго бул сыз жерде жашагандан коро.
+1
SUBA_8493
2016-03-11 17:05:07
Эне жонундо толук маалымат кайдан алалам таппай атамын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан