Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 6-7 жылдан бери бюджеттен техника алууга каражат бөлүнгөн эмес

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 6-7 жылдан бери бюджеттен техника алууга каражат бөлүнгөн эмес. Муну бүгүн, 10-мартта маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө министрликтин техникалык базасын чыңдоого бюджеттен эч кандай каражат бөлүнбөйт.

2009-жылы мамлекеттик казынадан өрткө каршы 72 техника алганбыз. Андан бери 6-7 жыл өттү. Мындай иштерди гранттардын эсебинен бүтүрүп келебиз. 2012-жылы Түркиядан 100 миллион доллар гранттык жардам акча келген, анын 2 миллион доллары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүнгөн. Ага инженердик техникаларды алдык. Эл аралык уюмдар менен иштешебиз, башка мамлекеттердин жардамы менен бир топ жумуштарды жасайбыз”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
beben
2016-03-10 15:26:05
Болунсодо оздору жарымын жеп койот.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан