Мэриянын жыйналыштар залында шаар мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда алгачкы пландык жыйналыш өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын кезектеги жолугушуусуна жана 2016-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган түрк тилдүү өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусуна даярдык иштери талкууланды.
Турак жай-коммуналдык чарбасын башкаруу жетекчиси Канатбек Эшатовдун айтымында, учурда бак-дарактарды, гүлдөрдү отургузуу, жарык берүүнү оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле газондорду тазалоо, таш төшөлгөлөрдү алмаштыруу, аң-чуңкурларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалууда.
1-марттан тарта Бишкекте санитардык тазалоо боюнча 3 айлык жарыяланды. Ишемби, 12-мартта биринчи ишембилик өткөрүлөт.
Күн тартибинде Нооруз майрамына карата даярдыктар да каралды. Маданият башкармалыгы "Ала-Тоо" аянтында өтө турган иш-чаранын жүрүшү тууралуу сценарийди тартуулады.
Жыйналыштын акырында шаар мэри Албек Ибраимов бардык кызматтын өкүлдөрүнө жазга жана Нооруз майрамына карата жумушту күчөтүү керектигин айтты.