Соттук экспертизалар борбору 2017-жылы жаңы имаратка ээ болот, оңдоп-түзөө иштери башталды (фоторепортаж)

Бүгүн, 10-мартта КРнын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору үчүн курулуп жаткан имараттын капсула салуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева, өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев, АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу өкүлү Алан Мельцер жана БУУнун Кылмыштуулук жана
баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын Азиядагы өкүлү Ашита Миттал жана башкалар катышышты.

Юстиция министринин айтымында, жаңы имарат жана анын аймагында курула турган лаборатория сот экспертизасынын жумушун бир топ жакшыртат. "Жер аянты акыркы жылдан бери чечилбей келген. Жакында жарым-жартылай бүткөрүлгөн имарат бөлүнгөн. Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору үчүн бул имарат 2017-жылы ноябрь айына чейин бүткөрүлүп, ишке берилет",- дейт министр.

Курулуш жана оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 47 миллион 719 миң сом сарпталат. Каражатты АКШнын өкмөтү бөлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан