Бишкектин 12-кичи районунда "жоголуп кетти" деп издөөгө алынган 8 жаштагы Эмир табылды. Бул тууралуу баланын апасы Шахноза SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, бала 11-кичи райондо балдар менен ойноп жүргөн экен. Азыркы тапта бала ата-энеси менен.
Шахноза айым Эмир эртең менен саат 08:00 чамасында бөбөгүн бала бакчага алып кеткен боюнча үйүнө кайрылып келбегенин айтып, издөө жарыялаган эле.