Бишкек - Балыкчы жана башка жолдордун боюна ар бир 100 чакырым сайын коомдук ажаткана орнотуу пландалууда

2016-жыл - Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча дирекция тарабынан республикалык акция уюштурулуп, өз ишин баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган дирекциянын жетекчиси Султан Раев билдирди.

Анын айтымында, дирекция аталган демилгени көтөрүү менен стратегиялык жолдордун боюндагы инфраструктураны жакшыртуу, жол боюна ажатканаларды орнотууну пландап жатат. "Биз азыр өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, райондук акимчиликтерге, мамлекеттик жана башка органдарга кат жөнөтүп жатабыз. Колдоого алынса, албетте, бир катар жолдордун боюна 100 чакырым сайын коомдук ажатканаларды орнотобуз. Бул үчүн айыл өкмөттөрү жер бөлүп, эл чогулуп, аз убакытта сапаттуу ажаткана салып койсо болот. Ошондой эле ишкерлер да четте карап турбай, бул демилгени колдошот деп ишенем",- дейт С.Раев.

Кошумчалай кетсек, тиешелүү жумуштар апрель айына чейин башталат. Акция алкагында Бишкек - Балыкчы - Торугарт унаа жолунун боюна, Ысык-Көлдүн тегерегиндеги унаа жолунун боюна, Бишкек - Ош - Эркеч-Там, Ош - Баткен - Исфана унаа жолдорунун боюна ажатканаларды орнотуу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
raum
2016-03-11 10:39:34
Эң жакшы идея экен. Узак жолго чыкканда аябай эле кыйынчылыктар жаралат. Айрыкча аял кишилер үчүн.
+7
jeep9504
2016-03-11 11:12:07
чет олкодо бар мисалы мен Сочиде барганда кордум ар 100 метр туалет бар экен дагы бесплатно экен
+1
aydarov...
2016-03-11 11:12:38
Кой 10 кмге 1 ди орнотсун ысык суусу менен таза кылып даарат алгангада ынгайлуу кылып.
+2
gulsin
2016-03-11 11:26:18
Эн туура чечим.Мен бир жолу Оштон Бишкеке кетип жатып,дааратканага баргым келди.Кыйналып бир камоктун аркасына ото койдум Кара- Колдо.Бир кезде 3 килейген ит чыга калды.Ал иттер ошол жердеги камокчулардын ити экен.Итке талатып коюп мени кожойкеси карап турду.Айдоочу кыйкырыктарымдан улам коруп, чуркап келе калды.Мени ошондо кудай сактады.А жанагы кожойкени эч тушунбодум,озунон туалет сурасам ошол жерди корсотуп берген.Иттерине талатып коюп тамашалап отурганы аябай оозумду ачырган.
+1
gulsin
2016-03-11 11:27:38
Биз го мейли,а башка мамлекеттерден келген турист сыяктуу коноктор ушуга окшогон жат корунушту корсо, эч качан кайтып келбейт.Ошондуктан,бул проектти туптуура деп ойлойм.
+3
ishikylsa
2016-03-11 11:51:53
Абдан жакшы болмок
0
Rednalf
2016-03-11 12:18:33
Туалет болгону го жакшы,бирок таза талаптагыдай болсо андан да жакшы.Кээ бир жол боюндагы туалетке баш бага да албайсың.Айлаң кеткенде кирет экенсиң да.
+1
Dadasdasd
2016-03-11 14:36:16
2 километр ге койсун . Сапаттуу кылып .
+1
sabyr86
2016-03-11 15:27:54
Эл чогулуп салып койсо,силер уста акысы деп акча жэсеңер а.
+1
Lenin
2016-03-11 17:43:27
Ошондо ушунча жарыя кылып туруп бир туаелет салып коюшат турбайбы. Баракелде, белиссимо.
Бишкек Балыкчы ортосу болгону 180 км.
Таппасан сыйпалап кал деген ушу. Же мумкун 10 км деп жазабыз деп 100 км деп жазып алыштыбы.
+1
AlbertEnshtein
2016-03-11 19:04:12
Ошондо нормально унитаз коюлсунчу. А то тешиктер тажатты(()
0
dubai
2016-03-12 00:36:42
ошо туалеттерди бироо жууп тазалап турат бекен же как всегда додо кылып ортосун кучалап,эшик-пешигин тундосу жулуп кетишеби?
0
Lenin
2016-03-12 18:37:47
Бишкектен чыкканда 100 чакырым Кемин болуп калат, ал жерде туалеттер бар. ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан