Өзбекстанда «Жарнама жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, коммерциялык жарнамалардагы уятсыз көрүнүштөргө тыюу салынат. Андан сырткары оюн-зоок үчүн жасалган компьютердик программалардын жарнамасын да токтотуу демилгеси иштелип чыкты. Мыйзам долбооруна ылайык, мындан ары окуучулар менен студенттердин окуу дептери жана китептерине жарнамаларды чыгарганга болбойт.
"Мыйзамда жарнамага болгон талаптар аныкталган. Аларга ылайык, өспүрүмдөргө арналган жарнамада чыныгы же жасалма куралды колдонуп, балдарды экстремалдуу кырдаалда көрсөтсө болбойт. Жарнама жашы жетпегендерге буюмдарды сатып алууга чакырбаш керек. Балдарды көбүрөөк тамактандырууга же негизги тамакты шириндиктер менен алмаштырууга арналган чакырыктар да колдоого алынбайт",- деп жазышат басылмалар.