Керектөө баалары жана тарифтер жылдын башынан бери жалпы республика боюнча 0,3 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Азамат Оросбаев билдирди. Анын айтымында, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,3 пайызга, алкоголдук ичимдиктер 0,5 пайызга төмөндөдү.
“Февраль айы боюнча баалар сүт азыктарына 1,8 пайыз, кумшекер менен жумурткага 0,5 пайыз, кой этине 0,6 пайыз, уй этине 1,5 пайыз төмөндөдү. Бул салыштыруу былтыркы жылдын ушул маалындагы баалар менен жүргүзүлгөн.
Быйылкы жылдын февраль айы менен былтыркы жылдын декабрь айын салыштырганда керектөө бааларынын өсүшү Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарында байкалган. Ошол эле учурда жыл башынан бери азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз ичимдиктерге баалардын өсүшү бир гана Нарын облусунда болгон”,- деди Оросбаев.