Сойкуканада иштөөгө мажбурланып, ал жактан башка бут кийим кийип качкан кыз камакта жатат

Бишкектеги "Ош базарына" жумуш издеп келип, сойкуканага туш болгон кыз учурда камакта жатат. Ал "Ош базарына" жумуш издеп барып, жарыялардын бирине телефон чалган. "Жумуш берүүчүлөр" аны Совет жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине чакырышып, сойкулук менен алектенүүнү сунушташкан. Ал көнбөй койгондо аны бир бөлмөгө камап салышкан.

Ал ошол түнү саат төрттө үйдөн качып чыккан. Шашып качып баратып өз бут кийимин таба албаган кыз босогодо бутуна илинген бут кийимди кийип чыга берген. Көп өтпөй милиция анын изине түшүп, "5 миң сомго бааланган бут кийимди уурдады" деген шек менен кармаган. 6-февралда сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Акыйкатчы институту ички иштер министри Мелис Турганбаевдин атына кат жолдоп, бул ишти көзөмөлдөөнү суранган. Буга катар институттун кызматкерлери №1-тергөө абагында жаткан кызга жолугуп кайтышкан.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Ayida
2016-03-11 14:50:03
Сойкулардын бут кийими 5 мин сом бекен?Ал жерде башка ким болмок 5 миндик бут кийим кийгидей.Алдашат акмак сутинерлор
+3
Mahabbat
2016-03-11 14:51:13
Оозу мурду кыйшык болсо да, байдын уулу суйлосун. Пулун болсо кулунмун. Ушундай заман болуп калдыго эхх
+4
bond0202
2016-03-11 14:52:46
аябай адилет чечиптир сот,акчаны жакшы тологонго сутенёр
+4
Bereke10
2016-03-11 14:53:48
5 мин сомдук бут кийимимди уурдады деп бироо арыз жазгандыр,ошону кармаш керек да анан калган сойкулар менен "мамашалары" калкып эле чыгат, эки айдан бери ал кызды кармап жата беришпей. Тообоо бизде б-у бут кийим учун эки ай отурушат, аэропортто миллондорду уурдагандар тайрандап эле журушот. Мына Мыйзамы октом мамлекет деп ушуну айтса болооот! Азаматсынар,эми туфли учун "пожизненно" кетпесе эле болду.
+5
beka027
2016-03-11 15:50:28
Бизде милициялар ушундай да,кимиси коп акчамберсе ошону кармайт.Ал жерди иштеткендердер милицияларга доля берип туратта ошон учун ал сойку кананы иштеткен адамды эч нерсе кыла албайт
+3
Shef87
2016-03-11 15:51:52
шапкечендеди ташбаранга алыш керек мынтип акча тапкандар кундоп саналат
+4
ARK_7
2016-03-11 17:46:00
Ошо камака алып барган милицияларды дагы кармаш керек себеби дал ошо мажбурлаган адамдар мн связь бар да алардын ,,,алар айтпаса анда милиция каяктан билди анын бутундагы бут кийим урдалганын
+2
Begimkyz
2016-03-11 17:47:14
Жумушсуздуктан келип чыгып жатат ушул нерсе. Мамилекетибиз жаш кадрларды иш менен камсыз кылып турса ушуга окшош бир канча жаман окуяларга бөгөт коймок.
0
beku5761
2016-03-11 20:28:25
Бул жерде милиция кытматкерлери менен сутенерлордун байланышы бар
0
kochkor.siti
2016-03-12 00:27:52
Коп еле соз жазкым келет бирок бан болгум келбейт
0
civic93
2016-03-12 00:45:58
Адилетсиз болгондорду кармап эле башына Бир чаап олтуруп койгун келет
+1
mirbek2211
2016-03-12 01:40:47
Ушундайды уксан зээнин кейийтго . Эмне деген мыйзам . Ошол сойку кананы өрттөп ,кызды мажбурлагандарга чара көргөндүн ордуна ээээ ээх десе.айта берсе арман көп дегендей
+1
ss90
2016-03-12 09:35:39
Тоуба айкын эле корунуп турат го?! Кимди кармап, кимди кое беруу экендиги...
0
anyshka
2016-03-12 11:23:03
Кыргызстанда АКЫЙКАТ жок. Акчан болсо киши олтурсонда болот барыбир качырышат. Жесен болот ичсен болот. Жашоо сеники.
0
saparali96
2016-03-12 16:10:44
Сойкукукана чондорго караштуу болсо керекта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан