Баткенде акыркы 3 жылда 11 мектеп салынып, учурда 27 мектеп курулууда

Баткен облусунда акыркы 3 жылда 11 мектеп салынып, учурда 27 билим берүү мекемеси курулууда. Бул тууралуу 11-мартта өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Жеңиш Разаков билдирип, 1980-1990-жылдары Баткен облусунда бир гана мектеп пайдаланууга берилгенин белгиледи.

Акыркы 3-4 жылда Баткен облусунда 42 бала бакча, 24 спорттук аянтча жана спортзал, ошондой эле 31 ФАП курулду. Алар жергиликтүү бюджеттин, эл аралык донорлордун жана демөөрчүлөрдүн эсебинен салынды. Баткен облусунда учурда 234 мектеп бар. 2010-2011-жылдары өткөрүлгөн текшерүүлөргө ылайык, алардын 10 пайызында гана бардык шарттар түзүлгөн”,- деди Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
stimyl.kg
2016-03-11 14:13:43
Бул эми Атамбаевдин доорунда дегениго..
0
sabyr86
2016-03-11 15:17:09
Мектептин баары эле Баткенде го.
-2
Kasha03
2016-03-11 15:54:32
sabyr86 негизи олкодо 2 минден ашык мектеп бар
0
Jigit80
2016-03-11 20:03:22
Баткендин кайсы бир озбекстан менен чектеш айылында окуучулар свети жок вагондо окуп,жаныжылдык балатыны кочодо откоргонун кордум эле ал жонундо да айтып кетпептир да ошол айылга да мектеп болбосода МЕКТЕПЧЕкуруп беребиз деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан