Жалал-Абад шаарында муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук автобустарда окуучулардын акысыз жүрүүсү сунушталууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясында болгон коомдук угууда маалым болгонун Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Шаар аймагындагы 6-класска чейинки окуучулар окуу мезгилдеринде коомдук автобустарда акысыз жүрүшөт. Ал эми каникул учурларында эл катары жол кире акысын төлөшөт. Ал эми 6-класстан жогорку бардык жүргүнчүлөр үчүн жол кире акысы 5 сомдон. Буга чейин коомдук автобустарда жол акысы 8 сом болуп келсе, эми 3 сомго арзандатылып, 5 сомдон болмокчу. Мындан сырткары бардык эле окуучулар жол жүрүү билети менен акысыз жүрө алышат. Жол жүрүү билети мектеп директорлору берген окуучулардын тизмесинин негизинде Жүргүнчүлөрдү тейлөө автобазасы, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан берилет. Ошону менен автобустарда акысыз жүрө алышат",- дейт Жалал-Абад шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү тейлөө автобазасынын жетекчиси Жыргалбек Жапаров.
Жол кире акысынын арзандатылышы жана 6-класска чейинки окуучуларды акысыз ташуу маселеси шаардык кеңешке сунушталмакчы. Коомдук угууга кварталдык комитеттер жана кондоминиум төрагалары катышышты.