Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жарандар жөлөк пулга байланыштуу суроолор менен көп кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мекемеге жыл башынан бери кайрылгандардын саны 30 пайызга көбөйгөн. “Жыл башынан бери 500 жаран кайрылды. Алардын 283ү кат түрүндө, 172 адам коомдук кабылдамага кайрылса, 55 адам мекеменин жетекчилиги тарабынан кабыл алынган, дагы 40 жаран министр менен жолуккан. Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү Нарын облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары", - деп айтылат маалыматта.