Кыргыз өлкөсүндө мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын саны өскөнү байкалып жатканын Улуттук статистика комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны беш жыл мурун 741 болсо, азыр 1186га жетти. Мындай өсүү акыркы жылдары республиканын айрым аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн коомдук бала бакчалардын ачылышынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын каржылоосу менен бала бакчалардын оңдоп-түзөөдөн өтүшү түрткү болгон.