"Бишкек-Сокулук унаа жолунда орнотулган жалгыз видеокамера бир айда болжолдуу түрдө 30 миллион сом акча таап коëт",- деди ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев 16-мартта өткөргөн маалымат жыйынында. Ал акчага ай сайын 8 видеокамера сатып алууга болот.
"Аталган видеокөзөмөл бир күндө айыбы 1 миллион сомго тете болгон жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларды тартып калууда. Алардан түшкөн каражаттар жеке бир компанияга эмес, мамлекеттин казынасына түшүп жатат. Бул нерсе жаңы долбоордун эффективдүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтөт. Ал акчага ар бир айда 8 камера сатылып алынса, шаардын башка бөлүктөрүнө да ушундай жабдыктарды койсок болот",- деди ал.