Орусия телеканалдарынын бири Иркутск аймагында жашаган кыргыздар тууралуу берген кызыктуу сюжет SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү (ник: Englishman). Материалда Иркутск шаарында кафе иштеткен кыргыз жараны Эмилбек Бакиров жөнүндө сөз болуп, анын шаар тургундарын чыгыш даамдарынын 20дай түрү менен 7 жылдан бери тамактандырып келери айтылат.
"Совет доорунда миңдеген кыргыздар Иркутск шаарына жогорку билим алууга келишкен. Көпчүлүгү мында калып, үй-бүлө курушкан. Учурда аймакта 35 миңден ашуун кыргыз жашаса, мунун 10 миңдейи эмгек мигранттары",- дейт баяндамачы.
Сюжетте кыргыздын улуттук буюмдары: камчы, комуз, Сибирге сүргүнгө айдалган акын Токтогул Сатылгановдун өмүр баяны, анын күүлөрү тууралуу сөз болду. Видеону көрүү үчүн шилтеме.