SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Араксыз той өткөрүү" деген тема кызуу талкууланууда.
"Бир тойдо 250-300 бөтөлкө арак ичип коюшкандан кийин "той-мааракелерди араксыз өткөрүү" дегенге ишенбей кетесиң. Элибизге акырындык менен ыйман, акыл, намыс кирип, ошол күн да келип калар. Балээнин баары ошол дүңгүрөтүп той өткөрүүдөн келип чыгып жатат. Тойлорго бир аз чектөө болсо, балким, араксыз тойлор деле өтмөк..."- дейт форумчулардын бири.
Башка форумчу: "Тойду араксыз өткөрөм дегениңер "Мен нан жебейм, суу эле ичем. Нан жесем курсагым тойбой калат" дегендей болуп калыптыр го..."- деп жазды.
Мындан башка да түрдүү пикирлердин жарышы жүрүүдө.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.