Патрулдук кайгуул-милициясынын инспекторлоруна берилчү видеокамералар 3 метр бийиктиктен куласа да сынбай, 8 саатка чейин тынымсыз иш алып бара алат

Патрулдук кайгуул-милициясынын инспекторлоруна берилчү видеокамералар 3 метр бийиктиктен куласа да сынбай, 8 саатка чейин тынымсыз иш алып бара алат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта маалымат жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, аталган жабдык кызматкерлердин төшүнө орнотулуп, 8 саат бою тынымсыз иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Үч нөөмөт менен иштеген инспекторлордун ар биринин атына жазылган бул видеокамералар алар тарабынан өчүрүлбөйт жана сынып же иштебей калган маалда кызматкер жоопко тартылат. Инспектор тамактанган маалда нөөмөттө турган адамга канча убакытка кетерин билдирип коюп турат. Видеокамера ар бир милиция кызматкерине эмес, инспекторлоруна гана берилет.

Айта кетсек, бүгүн жаңы түзүлгөн мекеменин кызматкерлеринин кийими көрсөтүлдү. Жаңы долбоор эки баскыч менен ишке ашат. Биринчи баскычка ылайык, Патрулдук кайгуул-милиция кызматы 1-апрелден баштап Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилет. Ал эми экинчи баскычта 1-июлдан баштап республиканын башка аймактарында толук кандуу ишке кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dasta
2016-03-16 15:07:08
Откондо еле жол кайгул кызматеерлери жок болот деп жатпады беле еми емне жок болбой турган болуп калдывы
-1
Rifle_3
2016-03-17 00:54:27
Бюджетти чача бергиле ар оюнчуктарга коротуп. Буларга видео камеранын эмне кереги бар ?
Иштей берсин понтовать эте бербей. Эшекке гилем токусаң да ,ат болбойт.
0
diaz
2016-03-17 12:14:06
кайра жакшыго акча ала алышпай калышат жол ержесин бузсан озун кунолу болуп айып тогосун а так жондон жон еле ала беришетко булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан