SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыз-жигит "счётту" чогуу төлөшү керекпи же..." деген теманы талкуулоо уланууда. Белгилүү бир окуя тууралуу автор буларды жазган:
"Соңку кабар" жакта бир жаңылык жүрөт го, кыз-жигит кафеде отурушуп, анан эсеби 10 миң сом болуп чыгып келсе, жигит байкуш чы-ыыз кайым болуп кетиптир... Ушундан улам, достор, суроо... Силерде кандай? Жаңы таанышкан кыз же жигит, чогуу тамактанып калсаңар, эсепти кандай кылып төлөйсүңөр? Дегеле, ушундай абалда кандай кыласыңар?"
Тема көпчүлүктү кызыктырды.
Колдонуучулардын бири: "Кыргызда жакшы сөз бар го, "көрпөңө карап бутуңду сун" деген. Акчасы жок болсо, жолугушууда не бар? Достор болсо го бир жөн. Чогуу төлөйсүң. Анан жигит менен кыз отурган жерде жигит эле мырзалык сапатын көрсөтүп койсо болсо керек",- дейт.
Башка колдонуучу: "Бир жакшы сөз бар, "эч ким эч кимге эч нерсе милдеттүү эмес" деген. Менин оюмча, жигит кыз үчүн анын эсебин төлөөгө милдеттүү эмес. Эгерде кыз жигиттин карындашы, эжеси, болочоктогу жубайлыкка талапкер болбосо... Ошондуктан ар ким өз эсебин өзү төлөшү керек деп эсептейм. Бирөөнүн эсебинен тамак ичип, курсагын тойгузган "чайка" кыздарды мен кайырчылар менен "паразиттерге" теңейм",- деп жазды.
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.