“Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери эми бактардын артына жашынып туруп иш алып барышпайт”,- деди бүгүн, 16-мартта маалымат жыйында ИИМдин Кайгуул башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов. Анын айтымында, ар бир кызматкерге атайын маршруттар бекитилген. Бактын артына жашынып унаа тосушкан болсо, чара көрүлөт.
“Патрулдук кайгуул-милициясынын кызматкерлери аларга бөлүнгөн жол тилкесин иретке келтирүү менен алек болушат. Ал жерде унаа тыгындарын болтурбоо, жол эрежелери бузулуп же кырсык болсо, ошону карашат. Учурда Бишкек шаары менен Чүй облусу кызматтык унаалар менен камсыздалган. Мындан тышкары 12 жеке унаа келишимдин негизинде ишке тартылган. Алар менен инспекторлор жумушка чыгышса болот. Бирок унаа сөзсүз түрдө токтоого уруксат болгон жерде туруп, аба ырайы жаман болгон учурда гана инспектор ичине кирип протокол түзө алат. Мындан тышкары кызматтык эмес унаа менен мыйзам бузуучунун аркасынан кубалоого тыюу салынган”,- деди орун басар.